Крымдын электр энергетикасынын бир бөлүгү бериле баштады

Крым башкаруусунун төрагасы Сергей Аксенов Украинадан берилген электрге көз каранды эмеспиз»,- деп билдирүү жасаган

360849
Крымдын электр энергетикасынын бир бөлүгү бериле баштады

Украинанын Херсон аймагында оңдолгон 4 электр линиясынын бирөөсүнөн Крым жарым аралына электр агымы бериле баштады. РИА Новостинин Крым жергиликтүү башкаруусунун билдирүүсүнө таянып берген кабарына караганда Крымдын электр энергетикасынын бир бөлүгү бериле баштады.
Украина энергетика фирмасы "Укрэнерго" Крымга берилген электр агымынын азыркы учурда чектүү экенин билдирди. 2 – декабрда Орусиянын Кубань аймагынан Крымга электр энергиясын берген энергетика көпүрөсү ишке кирген. Ошол эле күнү Крым башкаруусунун төрагасы Сергей Аксенов Украинадан берилген электрге көз каранды эмеспиз»,- деп билдирүү жасаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар