Украинанын президенти Пётр Порошенко : "Крым Украинанын жери"

Эл аралык коом, Крымды Украина жери катары кабыл алууда

402533
Украинанын президенти Пётр Порошенко : "Крым Украинанын жери"

Украинанын президенти Пётр Порошенко  өз өлкөсүнө таандык экенин баса белгилеген Крымды кайра алуу үчүн эл аралык механизмдерди иштетерин, саясий жана дипломатиялык бардык жолдорду колдонорун айтты.
Порошнко кээ бир телекөрсөтүү каналдарына берген интервьюсунда Орусия тарабынан бир тараптуу аннекция кылынган Крым тууралуу маалыматтарды берди.
Крымдын Сибирден келгендерден чукул түрдө бошотуп, аскердик база курулуусу керек болгон жер экенин айткан Порошенко : «Мен үчүн Крым Украинанын жери. Крымдыктар болсо украиналыктар. Биз азыркы учурда Крымда кысым астындагы Крым татар калкынын укуктарын коргоо үчүн керек болгонду аткаруубуз керек. Крымды кайра алуу үчүн стратегиянын негизинде эл аралык укукту колдонуп,  соттун жардамы менен саясий жана дипломатиялык жолдор менен керек болгон бардык нерсени аткарамын. Башка альтернатив жол жок»,- деди.
Украинада 2014 - жылы февралда Батыш менен бүтүндөшүүнү жактаган топтор жана Орусия жактоочуларынын арасындагы бийлик күрөшүндө президент Виктор Янукович бийликти таштоого мажбур болгон. Андан кийин өлкөнүн чыгышында жана Крымда Орусияны жактаган жикчил кыймылдарды баштаган.
Крымдагы Орусиянын аскердик базаларында кызмат кылган бөлүктөр февраль айынын акырында жарым аралдын текшерүүсүн колго алган, 2014 - жылы 16 - мартта болгон референдум менен Крымдын Орусияга каратылганын жарыялаган. Орусия башкаруусу да 21 - мартта Крымды Орусияга караткан келишимге кол коюп аннекция процессин соңуна чыгарган. Эл аралык коом, Крымды Украина жери катары кабыл алууда.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар