Жон Керри Сирия жыйынына токтолду

Жонн Керри Сирия маселесин чечүү үчүн мындан мурда Венада өткөрүлгөн жыйындардын үчүнчүсүнүн бир айдын ичинде Нью – Йоркто өткөрүлөрүн айтты

401848
Жон Керри Сирия жыйынына токтолду

Сирия тууралуу үчүнчү жыйын бул айда Нью – Йоркто өткөрүлөт. АКШнын мамлекеттик катчысы Жонн Керри Сирия маселесин чечүү үчүн мындан мурда Венада өткөрүлгөн жыйындардын үчүнчүсүнүн бир айдын ичинде Нью – Йоркто өткөрүлөрүн айтты. Керри АКШнын борбор шаары Вашингтондо Брукингса институтунун Сабан форумунун жылдык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Сирия кризисине токтолду.
Сирия маселесине чечүүчү жол табуу үчүн эл аралык коом менен аракеттеринин улантылып жатканын белгилеген Керри Австриянын борбор шаары Венада андан мурда эки жолу болуп өткөн жыйындардын кийинки турунун АКШда өткөрүлөрүн белгиледи.
Австриянын борбор шаары Венада 30 - октябрдагы Сирия жыйындарынын биринчисине Түркия, Сауд Арабстан жана араларында Иран да болгон 17 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышты. Сөзү болгон жыйындардын экинчиси болсо 14 - ноябрда болгон. Экинчи турдагы жолугушууларда сириялыктардын жол башчылыгында 6 айдын ичинде өткөөл процесси, тараптардын арасында сүйлөшүүлөрдүн башталышы жана ок атууну токтотуу. Жаңы бир конституция, 18 айдын ичинде адилеттүү шайлоонун өтүшү жана БУУнун көзөмөлүндө «кимдин террорист, кимдин оппозциячыл» экенин белгилөө темаларында келишим түзүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар