Иранда гриптин себебинен 22 киши каза болду

Сиржан шаарында да 67 киши грип диагнозу менен ооруканаларга жаткырылды

402100
Иранда гриптин себебинен 22 киши каза болду

Ирандын Кирман аймагында 22 кишинин гриптен каза болгону билдирилди. Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү IRINNге маалымат берген саламаттык сактоо министри Хасан Хашими : «Кирманда ушул кезге чейин 22 киши гриптин себебинен каза болду»,- деди.
Өлкөдө өткөн жылы ушуга окшогон окуялардын болгонун айткан Хашими кишини өлтүргөн вирус тууралуу маалымат берген жок. Бир тараптан Иран расмий кабар агенттиги İRNAда берилген маалыматка караганда аймактын Сиржан шаарында да 67 киши грип диагнозу менен ооруканаларга жаткырылды.
Сиржан сламаттык сактоо директору Муса Насруллах İRNAга берген маалыматында бул кишилерден 34түнүн абалынын жакшырып бара жатканы байкалганын айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар