Орусияда Путинге каршы митинг

Орусия өкмөтү чараны салыктарды жогорулатууда тапты

400536
Орусияда Путинге каршы митинг

Орусияда президент В. Путинге каршы 2011 - жылы өткөрүлгөн митингдерден бери бул жылы эң чоң митинг өткөрүлдү. Экономикалык кыйынчылыктарды жашап жаткан Орусия өкмөтү чараны салыктарды жогорулатууда тапты. Бирок жогорулаган салыктар калктын тынчын алууда.
Узун жана кенен унаалардын ар бир километр үчүн бир жарым рубль төлөөсүн күткөн жаңы жол салыгы фуралар үчүн төлөмдү 20 пайызга арттырды. Жаңы салыкка каршы чыккан фура шофёрлору үч жумадан бери жолдордо митинг өткөрүшүүдө. Фура шефёрлору чынжыр түрүндө борбор шаар Москва менен Санкт Петербург жолдорун да жабышты. Полиция кыймылга катышкан көп сандаган фура шофёрун камоого алды.
Фура шофёрлорунун митинги Орусия парламентинде бир алгачкынын болушуна себеп болду. Көптөгөн жылдардан кийин биринчи жолу Путинге каршы бириккен оппозиция партиялары фура шоферлоруна колдоо беришкендерин билдиришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар