НАТО Черногорияны мүчөлүккө чакырды

Черногория көптөгөн айларга созула турган кошулуу процессинен кийин союздаштыктын 29 - мүчөсү болот

397991
НАТО Черногорияны мүчөлүккө чакырды

НАТО Черногорияны союздаштыктын 29 - мүчөсү болууга чакырды. Брюсселде өткөрүлгөн тышкы иштер министрлер жыйынынын экинчи күнүндө мурунку Югославия республикаларынан Черногория менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн башталышы боюнча чечим чыгарылды.
Мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн коштоосу менен жарыяланган билдирүүдө НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг : «Бул тарыхый чечим. Бүгүн Черногория жана Батыш Балкан өлкөлөрү менен НАТО үчүн абдан жакшы күн. Бул чечим абдан жакшы союздаштыктын башталышы болот»,- деди. Черногория көптөгөн айларга созула турган кошулуу процессинен кийин союздаштыктын 29 - мүчөсү болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар