Д. Медведев Түркияга карата санцияга кол койду

Орусия 2016 - жылдын 1 - январынан тарта продукция экспорттоону токтотот

397820
Д. Медведев Түркияга карата санцияга кол койду

Орусиянын премьер – министри Дмитрий Медведев Түрияга карата жасала турган санкция чечимине кол койду. Орусия өкмөтүнөн берилген маалыматка караганда 2016 - жылдын 1 - январынан тарта Түркиядан тоок эти менен бирге помидор, пияз, броколи, бадыраң, апельсин, алма, алмурут, кулпунай, жүзүм жана мандарин сыяктуу продукцияларды алууну токтотот.
Жобонун натыйжасында Түркия менен Орусиянын ортосундагы проектилерди колдоо үчүн курулушу пландалган орток фонд токтотулду. Муну менен бирге чартер рейстеринин учушу да токтотулганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар