Москвадагы Түркия элчилиги чакырык салды

Орусиядагы Түркия жарандарына кысым көрсөтүү токтотулушун талап кылды.

394955
Москвадагы Түркия элчилиги чакырык салды

Түркиянын Москвадагы элчилиги, Орусиянын органдарынан бул өлкөдө жашаган түркия жарандарына карай кысым көрсөтүүлөрүн токтотууга чакырык салды.
Элчиликтин жарыясында акыркы убактарда Орусиянын ар башка аймактарында жашаган ишкер, жумушчу жана студенттер сыяктуу ар башка катмарларга тийиштүү түрк жарандарынан, «Орусиянын расмий органдары тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы» жөнүндө арыздар түшкөнүн белгилеп, кысым көрсөтүүлөрдүн токтотулушун суранды.
Анда, «Элчилик, тийиштүү жарандарыбыз менен сүйлөшүп керектүү маалыматтарды алган соң Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана тийиштүү расмий бөлүмдөр менен сүйлөшүп, даттануу темаларына байланыштуу ачыктоо күткөнүбүздү сөз кылып, кысымдардын соңуна чыгарылышын талап кылдык»-делди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар