Кытай Жибутиде аскердик база курарын ырастады

Кытай менен Жибутинин арасында 10 жылга кол коюлду

394079
Кытай Жибутиде аскердик база курарын ырастады

Кытай коргонуу министрлигинин катчысы Ву Чиен Жибути менен аскердик база куруу тууралуу жакын байланыш ичинде экенин белгиледи. Катчы Ву Жибутиде аскердик колдоо базасын куруудагы максатынын БУУнун гуманитардык жардам кызматтары менен бирге Сомали жакындарындагы Аден булуңунда Кытайдын тынчтык күчү бөлүктөрүнүн коопсуздугу менен дагы жакшы тылдык жардам берүү экенин айтты. Кытай басма сөзүндө бул тууралуу чыккан кабарларда Жибутиде курула турган аскердик база тууралуу Кытай жана Жибутинин арасында 10 жылдык келишимге кол коюлганы орун алып, аймакта мындай бир базанын курулушу керектигине токтолду.
Кытай Эл Боштондук армиясынын башкы штабынын төрагасы Фанг ноябрь айынын башында Жибутиге жасаган сапарында да сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартип беренесин Кытайдын Жибутиде курууну каалаган аскердик база экени жана курула турган базага 10 миң кытай аскеринин жайгаштырылуусунун пландалганы билдирилген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар