Газпром фирмасы Украинага жаратылыш газын берүүнү токтотту
Андрей Коболев өткөн күндөрдө берген маалыматында, ал бул жылкы кышта Украина орус газын сатып алуусунун кереги жоктугун айткан
Орусиянын Газпром фирмасы Украинага жаратылыш газын берүүнү токтотту.
Газпром фирмасынын билдирген маалыматына караганда аталган фирманын төрагасы Алексей Миллер : «Бүгүн эрте менен Украинанын алдын ала төлөө системасы менен алган жаратылыш газ бүттү. Жаңы жаратылыш газ өткөрүү үчүн да Украина тарабынан кандайдыр бир төлөм акысы төлөнгөн эмес. Ошондуктан Украина газ үчүн жаңы бир төлөм төлөгөнгө чейин бул өлкөгө жаратылыш газ берүү токтотулат»,- деп билдирген.
Украина улуттук жаратылыш газ фирмасы Нафтогаздын төрагасы Андрей Коболев өткөн күндөрдө берген маалыматында, ал бул жылкы кышта Украина орус газын сатып алуусунун кереги жоктугун айткан.
Тектеш кабарлар
Макрон: "Адилеттүү дүйнөлүк тартипке муктаждык бар"
Эммануэль Макрон Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.