Орусия менен Кытай Сирияда биргелеше кыймыл кылат

Орусиядан кийин Кытайдын да Сирияда согушка кирери тууралуу айтылган сөздөр күчтөнө баштады

419662
Орусия менен Кытай Сирияда биргелеше кыймыл кылат

Жарандык согушта кыргын кылган Башар Асад башкаруусуна каршы БУУнун коопсуздук кеңешинин чечимдерин төрт жолу вето кылган Орусия менен Кытайдын Сирияда биргелеше кыймыл кылары ортого салынды.
Англис “Daily Express” гезити сириялык бир аскердик жетекчинин берген маалыматы боюнча акыркы бир жумада Жакынкы Чыгыштан келген отчетко таянып, Кытайдын алдыбыздагы жумаларда ДЕАШ менен күрөшүүгө катышууну пландаганын жазды.
Кытайдын тышкы иштер министри Сирия кризиси тууралуу Нью – Йорктогу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө : « Дүйнө унчукпастан тура албайт. Бирок чечкиндүүлүк менен күрөшүү керек»,- деди.
Кытайлык министр менен өткөн жумада жолугушкан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да билдирүү жасап эки өлкөнүн бир топ жергиликтүү жана эл аралык маселелерде буга окшогон позицияларды бөлүшкөнүн айткан.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар