Ла Паседе жаңы археологиялык табылгалар

Боливияда трамвай жолун куруу учурунда байыркы отурукташуу жери табылды

419734
Ла Паседе  жаңы археологиялык табылгалар

Боливиянын Ла Пасе аймагында трамвай  жолун куруу учурунда Колумбиядан мурда Тиуанако коомуна таандык экени болжолдолгон байыркы отурукташуу жери табылды. Кээ бир илимпоздордун айтымына караганда андан кийин инкаларга өткөргөн саясий, экономикалык жана маданий түзүлүштөрү менен Тиуанако инсандары Америка маданиятынын башталган жери. Шаар борборунда биринчи жолу ушундай байыркы табылгага кездешилди. Биздин эрага чейин 100 - 200 - жылдарга таандык экени болжолдолгон табылгалар керамика идиштер, кесүүчү куралдар жана курмандык катары колдонулган лама сөөктөрүнөн турат. Археологдор ошол эле учурда  эгин айдаганына байланыштуу табылгаларды да табышты. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар