Обама Улуттук коопсуздук боюнча жыйын өткөрдү

Барак Обама Түркияга келээр алдында Париждеги террордук кол салууларды талкуулоо үчүн Улуттук коопсуздук кеңешин чогултту.

417294
Обама Улуттук коопсуздук боюнча жыйын өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышуу үчүн Түркияга келээр алдында Париждеги террордук кол салууларды талкуулоо үчүн Улуттук коопсуздук кеңешин чогултту.
Ак үйдүн жазуу түрүндөгү жарыясында Президент Обамага Париждеги кол салууларга байланыштуу чалгындоо маалыматтары берилди жана АКШга карай так коркунуч жок экени сөз кылынды.
Айрыкча жыйналышта АКШ менен Франциянын ортосунда ДЕАШ менен күрөшүүнүн алкагында активдүү кызматташтык сүйлөшүлгөнү жана Париждеги террордук кол салууларга байланыштуу француз жооптуу кызматкерлеринин ар түрдүү талаптарына жардам берүүгө даяр болгондору белгиленди.
Анда Париждеги террордук кол салууларынан ДЕАШ жооптуу болгону жөнүндөгү француз кызматкерлеринин алгачкы аныктоолорунан башкача маалыматка ээ эместиги белгиленди.
Парижде жана Европанын жалпысындагы Американын өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздук абалдарына байланыштуу акыркы чара көрүүлөрүнө да баа берилген жыйналышта Обама, Улуттук коопсуздук кеңешинин тобуна Париждеги террордук кол салууларга байланыштуу бардык маалыматтарды мүнөт сайын байкап туруу буйругун берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар