Франция террор менен күрөшүүдөн баш тартпайт

Биримдик жана ынтымактуу болууга чакырган Валлс, француз калкынын, өкмөтүнүн жана парламентинин күчтүү болушу керектигин айтты.

366159
Франция террор менен күрөшүүдөн баш тартпайт

Франциянын премьер-министри Мануэль Валлс өлкөсүнүн террор менен күрөшүү темасында чечкиндүү болгонун жана террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү улана турганын айтты.
Француз TF1 телеканалында бир программага катышкан Франциянын өкмөт башчысы, кол салгычтардын абдан мыкты уюмдашкандарын, бирок террорго каршы күрөшүүдөн эч качан баш тартпай тургандарын белгиледи.
Франциянын Сирияга карай мамилеси өзгөрбөй турганын баса белгилеген Валлс, «Франция Сирияда ДЕАШты бомбалоосун улантат»-деп айтты.
Биримдик жана ынтымактуу болууга чакырган Валлс, француз калкынын, өкмөтүнүн жана парламентинин күчтүү болушу керектигин айтты.
Валлс республика баалууктарына коркунуч туудурган ар ким менен согушууга даяр тургандарын баса белгилеп, «Ушул алкакта айрым кишилердин өлкөдөн чыгарлышы да күн тартипке келиши мүмкүн»-деди.
Валлс айдын акырында Парижде өтө турган Климат конференциясында өзгөрүү болбогонун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар