Эрдоган менен Обама жекшемби күнү жолугушат

Обаманын саякат планы тууралуу маалымат берилди.

365641
Эрдоган менен Обама жекшемби күнү жолугушат

Эрдоган менен Обама жекшемби күнү жолугушат.
Ак үйдүн жооптуу кызматкерлери Антальяда өтө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити убагында АКШнын президенти Барак Обама менен президент Режеп Таййип Эрдогандын эки тараптуу сүйлөшүү өткөрө турганын билдиришти.
Ак үйдөгү бир күндүк маалымат жыйынында басма сөз катчысы Жош Эрнест менен катар Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Сьюзан Райс жана орун басары Бен Родс да катышып Обаманын саякат планы тууралуу маалымат беришти.
Бен Родс Обаманын жекшемби күнү Антальяга баргандан кийин президент Эрдоган менен жолугуша турганын айтты. Эки лидердин Чоң жыйырмалыктын күн тартибине кошумча түрдө ДЕАШка каршы күрөшүү жана Сирия маселесин карай тургандарын белгиледи.
Обаманын Эрдоган менен жолугушкандан кийин Чоң жыйырмалыктын ачылыш аземине катыша турганы, дүйшөмбү күнү түштөн кийин айрым Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугуша турганы билдирилди. Родс Бул жолугушууларда ДЕАШка каршы күрөшүү жана Украина маселесинин талкуулана турганын да маалымдады.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Сьюзан Райс болсо Сирия маселесинин саммит жолугушууларында маанилүү күн тартип беренеси болоорун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар