Нефть баалары

Бирол арзан нефть бааларынын базарга нефть өткөргөндөрдүн санын азайтарын белгиледи

415024
Нефть баалары

Эл аралык энергетика мекемесинин төрагасы Фатих Бирол арзан баадагы нефть бааларынын энергетика коопсуздугу жактан риск экенин билдирди.
Фатих Бирол Лондондо «2015 – жылы дүйнө энергетикасынын көрүнүшү» отчетун билдирди. Бирол арзан нефть бааларынын кыска убакта каржоочу үчүн жакшы болгонун, бирок узун убакытта энергетика коопсуздугу жактан рисктүү экенин баса белгиледи.
Арзан нефть бааларынын базарга нефть өткөргөндөрдүн санын азайтарын белгилеген Бирол : « Каржоочу аз санда өндүрүүчүгө көз каранды абалга келет. Бул да узун мөөнөттө ишенимдүү болбойт»,- деди.
Кытайдын нефть талабынын азайганына көңүлдөрдү бурган Бирол : «Кытай өсүүнү улантат, бирок энергетика талабына таянган өсүүнүн акырына келинди»,- деди.
Бирол көмүр жана нефть талабы боюнча Индиянын Кытайдын ордун ала баштаганын, бирок бул өлкөнүн ошол эле учурда күн энерегиясына да кызыгуу көрсөткөнүн белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар