Сириядагы абал

Сириянын территориясын ар кайсы өлкө бомбалап жатат.

414315
Сириядагы абал

Сириядагы жарандык согушта жарандар каза болууда.
Жээк аймагынан атылган бир ракета Идлиб шаарында орун алган жана орус кол салууларынан качкандар жашаган Обин айылындагы чатыр шаарчага түштү.
Окуяда кеминде 6 киши каза таап 12 киши жаракат алды.
Бул учурда Сирияда оппозициядагы топтор Хаманын түндүгүндө 2 айыл менен бир дөбөнү колго алышты.
Бир тараптан Орусиянын Сириядагы абадан бомбалоолору уланууда.
Орусиянын Коргоо министрлиги орус согуштук учактарынын акыркы 3 күндө 448 жерди атканын жарыялады. Анда атылган 448 бутанын Дамаск, Халеб, Латакия, Хомс, Хама, Ракка жана Идлибде экендиги белгиленди.
Айрыкча Франциянын Коргоо министрлиги француз согуштук учактарынын Сирияда террор уюму ДЕАШка абадан чабуул койгонун жарыялады.
Абадан бомбалоолордо ДЕАШтын көзөмөлүндөгү бир мунай зат топтоочу жай жок кылынды.
Сентябрь айында ДЕАШка карай абадан чабуулдарын баштаткан Франция, андан мурда террор уюмунун жалгыз гана куралдуу машыктыруучу лагерлерин атып жаткан эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар