201 кишинин сөөгү Орусияга жөнөтүлдү
23 кишинин сөөгүн издөө иштери болсо уланып жатат.
Египеттин Синай жарым аралындагы Шарм Эль Шейхте 31-октябрда орус жүргүнчү учагынын кулап түшүшүнүн себебинен каза болгон жүргүнчүлөрдөн 201 кишинин сөөгү Орусияга жөнөтүлдү.
Египеттин соттук-медициналык экспертиза борбору, окуяда каза болгон 23 кишинин сөөгүн издөө иштери болсо уланып жатканын белгиледи.
Бир тараптан Түштүк Синай жарым аралынын Башкы прокурордугу, териштирүүнүн алкагында Шерм Эль Шейх аэропортунда эмгектенген кызматкерлер менен жооптуу жетекчилерди суракка алуу иштерин аяктады.
Шарм Эль Шейхтен Санк-Петербургга бара жаткан Airbus A321 үлгүсүндөгү учак 31-октябрда асманга көтөрүлгөндөн кыска мөөнөттөн кийин 17си бала 217 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү менен Синай жарым аралынын түндүгүндө жерге кулап түшкөн.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.