Кытай жана Тайвандын лидерлери жолугушту

Си : «Эч ким бизди бөлө албайт. Биз бир үй – бүлөбүз»,- деди

364205
Кытай жана Тайвандын лидерлери жолугушту

Кытай жана Тайвандын лидерлери 66 жылдан кийин жолугушту. Сингапурдагы жыйындан мурда Тайвандын лидери Ма Ин-цзю менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин кол кармашып журналисттердин астына чыгышты. Си : «Эч ким бизди бөлө албайт. Биз бир үй – бүлөбүз»,- десе, Тайвандын лидери Ма Тайвань кысыгында тынчтыкты күчтөндүрүү тууралуу чечкиндүү экендерин айтты.
Тайвань өкмөтүнүн катчысы Чарльз Чын аймакта тынчтыктын бекемделиши максатында өткөрүлө турган сүйлөшүүдөн кийин кандайдыр бир биргелешкен билдирүүнүн жасалбай турганын жана келишимге кол коюлбай турганын айткан болчу. Тайвань жана Кытай лидеринин ортосунда 1949 - жылдагы жарандык согуштан бери сүйлөшүү өткөрүлгөн эмес.
Кытайда 1949- жылы Мао Цзэдундун бийликке келүүсү менен кээ бир өкмөт мүчөлөрү Тайванга качып, аралда көз карандысыздыкты жарыялаган жана улутчул Кытай деп да атаган Тайванды курушкан. Бирок Кытай Тайвандын көз карандысыздыгын кабыл алган эмес жана аралдын өз жерлерине киргенин ортого салган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар