Эки лидер 66 жылдан кийин жолугушат

Лидерлердин Сингапурда жолугуша тургандары билдирилди.

409931
Эки лидер 66 жылдан кийин жолугушат

Тайвань менен Кытайдын лидерлери 66 жылдан кийин жолугушат.
Тайвандын өкмөт катчысы Чарльз Чун, Тайвандын лидери Ма Ин-Цзю менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 7-ноябрда Сингапурда жолугуша тургандарын билдирди.
Катчы Чун, аймакта тынчтыкты бекемдөө максатында өтө турган жолугушуудан кийин кандайдыр бир биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлбөй турганын жана келишимге кол коюлбай турганын айтты.
Тайвань менен Кытайдын лидерлеринин ортосунда 1949-жылдагы жарандык согуштан бери сүйлөшүү өткөрүлгөн эмес.
Кытайда 1949-жылы Мао Цзэдун бийликке келгенден кийин өкмөттүн айрым мүчөлөрү Тайванга качып, аралда көз карандысыздык жарыялашкан жана улутчул Кытай деп да аталган Тайванды түзүшкөн.
Бирок Кытай Тайвандын көз карандысыздыгын кабыл алган эмес жана аралдын өз жерлерине таандык экенин алдыга койгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар