Иран жыйынга катышабы?

Сауд Арабия менен катар айрым өлкөлөр буга каршы чыгышууда.

402597
Иран жыйынга катышабы?

Сирияда төрт жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан жарандык согушту токтотууга карай эл аралык жыйындарга биринчи жолу Иран да чакырылды.
Чакыруунун Орусия тарабынан Иранга билдирилгенин маалымдаган америкалык жооптуу кызматкерлер, Тегеран башкаруучулугунун азырынча жооп кайтарбаганын сөз кылышты.
Сириянын келечегине байланыштуу акыркы жыйын 23-октябрда Австриянын борбору Венада тышкы иштер министр Феридун Синирлиоглунун да катышуусунда Түркия, АКШ, Орусия жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлеринин ортосунда өткөрүлгөн болчу.
Мындан кийинки сүйлөшүү эртең дагы Венада өткөрүлөт.
Сүйлөшүүлөргө төрт өлкө менен катар бул жолу Германия, Англия, Франция, Иордания жана Бириккен Араб Эмирликтеринин жооптуу кызматкерлеринин да катышуусу күтүлүүдө.
Америка башкаруучулугу Ирандын эл аралык жыйындарга катышуу ыктымалын эске алса, Сауд Арабия менен катар айрым өлкөлөр буга каршы чыгышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар