Салман Путин менен сүйлөштү

Акыркы мезгилде Сауд Арабия менен орус жооптуу кызматкерлердин ортосунда көптөгөн сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

401431
Салман Путин менен сүйлөштү

Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сауд Арабиянын расмий кабар агенттигинде (SPA) орун алган маалыматта, король Салмандын кечээ кечки убактарда Путин менен өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө, аймактык маселелер менен катар эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар тууралуу пикир алмашылганы белгиленди.
Кабарда аты аталган сүйлөшүү жөнүндө кеңири маалымат берилген жок.
Акыркы мезгилде Сирия кризисине чечүүчү жол табуу темасында Сауд Арабия менен орус жооптуу кызматкерлердин ортосунда көптөгөн сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар