Асад Орус делегациясы менен жолукту

Орусия Сирияда конституциялык реформалардын жасалышы жана кайрадан шайлоого барылышы түрүндөгү чечим табуу долбоорун сунуштаган.

399705
Асад Орус делегациясы менен жолукту

Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад саясий чечим табуу үчүн мурда аскердик чечим табуу керектигин айтты.
Сириянын борбор калаасы Дамаскта Орусиянын парламентарлары менен жолугушкан Асад Орусиянын Сириядагы аскердик кийлигишүүсүн мактады.
Москванын Сирияда жаңы тарых жазганын белгилеген Асад, Сирия кризисине чечим табууга радикал оппозициянын тазаланышы менен жетиле турганын айтты.
Асад Сириядагы террордук элементтердин тазаланышынын башкы максаты болгонун, андан кийин Орусиянын шайлоо сунушун күн тартипке кое тургандарын билдирди.
Орусиянын парламенттик делегациясында орун алган Коммунист партиянын депутаты Александр Ющенко да Орусиянын басма сөзүнө берген маалыматында, «Асад, Сирия калкы туура көргөн учурда өлкөдө тынчтык жана ырааттуулукту каалаган бардык топтор катыша турган мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө даяр болгондорун, ошондой эле калк кааласа бул шайлоолорго катыша ала тургандарын сөз кылды»-деди.
Ющенко, Асаддын Сириянын жаңылануусунда Орусиянын жардамына муктаж болгондорун сөз кылып, Орусиянын фирмаларын кызматташууга чакырганын айтты.
Орусиянын кечээ Сирияда конституциялык реформалардын жасалышы жана кайрадан шайлоого барылышы түрүндөгү чечим табуу долбоорун сунуштаган.
Бир тараптан Израилде жашаган арабдар, Сириядагы согушка катышуу үчүн жар парашюттары менен Голан дөбөлөрүнөн секирип Сирияга өтүүдө.
Эң акырында бир араб ушундай түрдө Сириянын түштүгүндөгү оппозициячылдарга кошулду.
Дүйнөнүн эң тыгыз корголгон чек араларынан бири болгон Израиль-Сирия чек арасынын ушул убакка дейре ушундай түрдө 45 израилдик араб ашып өтүп Сириядагы уюмдарга кошулган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар