Орусия менен АКШ келишимге кол коюшту

Келишим күчүнө киргенде эки өлкөнүн командирлеринин ортосунда да байланыш курулат.

395187
Орусия менен АКШ келишимге кол коюшту

Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда учуу коопсуздугу боюнча келишимге кол коюлду.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, эки өлкөнүн аба күчтөрүнүн Сириянын аба мейкиндигинде бетме-бет келүүсүнө бөгөт коюучу келишимге кол коюлганы белгиленди.
Билдирүүдө келишим күчүнө киргенде эки өлкөнүн командирлеринин ортосунда байланыш курула турганы да сөз кылынды.
АКШ келишимди коалицияга мүчө башка өлкөлөргө да билдирет.
Вашингтон башкаруучулугу, өткөн күндөрдө орус жана Америка учактарынын террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн бир аймакка киргенин маалымдаган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар