Иракта кол салуу
Ок – дары жана азык – түлүк сактоочу жерлер да болгон 17 жер аткыланды
356815
Иракта эл аралык коалиция күчтөрүнө таандык согуштук учактардын террордук уюм ДЕАШ буталарына карата бомбалоосунда ондогон террорист өлтүрүлдү.
Мусулдун Ел - Кесек аймагы менен Синжар аймагындагы бомбалоолордо араларында уюмга таандык ок – дары жана азык – түлүк сактоочу жерлер да болгон 17 жер аткыланды.
Телафер районунан Мусулга келген 6 унаалык бир конвойдун бутага алынуусу менен бул жерде да көп сандаган ДЕАШ террористти өлүп, унаалар колдонулбай турган абалга келди. Бир тараптан Мусулда чыккан кагылышууда ДЕАШ мүчөсү 8 террорист менен 2 пешмерге аскери каза болду.