Орус учактарынын кол салуусу уланып жатат

Орус учактарынын кол салуусунан 45 жаран каза тапты.

394419
Орус учактарынын кол салуусу уланып жатат

Орус армиясына таандык согуштук учактардын Сириянын порт шаары Латакиянын чыгышында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Бишурфа айылына кол салуусунда алгачкы белгилөөлөргө караганда 45 жаран каза болду.
Кол салуудан ондогон киши да жараланды.
Көргөн күбөлөр орус учактарынын, биринчи кол салуусунда жараланган жана урандынын астында калгандарга жардам кылган жергиликтүү тургундарды кайра бомбалаганын айтышты.
Бул учурда Асад күчтөрү жана орус согуштук учактарынын кол салуусунун себебинен Халебдин түштүк аймактарында көч толкуну башталды.
Асад режимине таандык күчтөр, орус согуштук учактарынын абадан колдоосу менен оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Аль Хадыр, Аль Айс, Тел Даман жана Зербе аймактарын бомбалап жатышат.  
Кол салуулардын айынан 40 миңден ашуун киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, Идлиб жана Халебдин түндүгүнө көчүп кетишти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар