Японияда чыккан телефон ден-соолукту текшерет

Японияда өндүрүлгөн смартфон программасына алгач дененин өлчөмдөрү, жаш жана жыныс киргизилет.

393658
Японияда чыккан телефон ден-соолукту текшерет

Япониянын технология фирмалары өнүктүргөн ишке ашыруулар ички органдын май басуусунан тартып метаболизмдин ылдамдыгына ал эмес ракты белгилөөгө чейин бир топ тармакта ден-соолук анализин чыгарууга жарайт.
Японияда өндүрүлгөн смартфон программасына алгач дененин өлчөмдөрү, жаш жана жыныс киргизилет.
Андан соң телефон ошол кишинин ичине коюлуп ары бери жылдырылат. Телефондогу сенсорлор бир канча секунддун ичинде ич органдардагы май басуу деңгээлин белгилейт жана жыйынтыктары график түрүндө телефон экранына чагылышат.
Башка бир япон фирмасы өнүктүргөн билерик да дем алуу жана метаболизм ылдамдыгын өлчөйт жана жыйынтыктарын смартфондогу программага өткөрөт.
Билерик бул көрсөткүчтөр аркылуу кандай уктаганыңызды да белгилей алат.
Ишке ашыруулардын кызмат тармагы жеке эле жөнөкөй ден- соолукту иликтөө менен чектелбейт.
Бул аппарат сиз үйлөгөн демди анализдеп белгилүү бир рак түрлөрүндөгү коркунуч картаңызды чыгарат жана жыйынтыгын телефонуңузга отчет кылып берет.
Смартфондордогу бул жаңы ишке ашыруулар менен жөнөкөй телефондор эле эмес ооруканадагы кезектер да жок боло тургандай көрүнүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар