Жон Керри Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө АКШнын тынчсыздануулары сөз кылынганы белгиленди.

390010
Жон Керри Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия жана Украина маселесин сүйлөшүштү.
АКШнын маалымат катчысы Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында Керри менен Лавровдун жарым сааттан ашуун телефон аркылуу сүйлкөндөрүн айтты.
Сүйлөшүүдө Орусиянын Сириядагы абадан операцияларынын көпчүлүгү ДЕАШты бутага албагандыгы жөнүндөгү АКШ башкаруучулугунун тынчсыздануулары сөз кылынганы белгиленди.
Кирби эки министрдин өзгөчө абадан операцияларда ыктымалдуу кырсык жана жаңылыш түшүнүшүүлөргө бөгөт болуу үчүн чара көрүлүшү керектигине токтолгондорун баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар