Керри Лавров менен макулдашты

БУУдагы жолугушууда Жон Керри Сергей Лавров менен макулдашты

348380
Керри Лавров менен макулдашты

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУда жолугушту.
Жолугушууда Сириядагы күчтөрдүн бетме-бет келишине бөгөт коюлушу темасы каралды.
Жолугушуудан кийинки билдирүүдө, Сириядагы операцияларда эки өлкөнүн координациясы боюнча макулдашкандары билдирилди.
Орусиянын тышкы иштер министри Лавров АКШнын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрү менен Сирияда операцияларды баштаган Орусиянын «күтүлбөгөн окуялардын алдын алуу үчүн байланыш каналынын түзүлүүсүн карагандарын айтты.
Лавров баарыбыз демократиялык, светтик, этникалык жана диний топторго жетекчилик кыла турган Сирия каалап жатабыз, бирок ушул абалга кантип жете турганыбыз боюнча пикир келишпестиктер бар деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Лавровго Сирияда бомбаланган буталарга байланыштуу санааркоолору бар экенин да билдиргенин айтты.
Керри Сириядагы кризиске тез арада чечүүчү жол таап кагылышуулардын күчөшүнө бөгөт коюлушу керектигин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар