«Машыктыр-жабды» долбооруна жаңы кошулуучу кабыл алынбайт

АКШ сириядагы оппозициячылдардын машыктырылышын камсыздаган «машыктыр-жабды» проектине жаңы кошулуучу алууну токтотту.

348182
«Машыктыр-жабды» долбооруна жаңы кошулуучу кабыл алынбайт


АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондун катчысы Питер Кук сириялык оппозициячылдарга карай билим берүүнүн уланып жатканын, бирок программаны карап чыгып жаңы кошулуучуларды тандоо иштери токтотулганын айтты.
Программа үчүн мурдатан белгиленген потенциалдуу катышуучуларды пайдаланууну уланткандарын белгилеген Кук: «Карап чыгуулар уланып жатканда, Сириядан жаңы кошулуучуларды белгилөөгө карай иштерди токтоттук. Муну менен катар талаадагы күчтөргө дагы эле колдообуз уланууда жана машыктыр-жабды программасында ушул убакта группаларды машыктыруудабыз»-деп айтты.
Вашингтондун Түркия да арасында орун алган аймак өлкөлөрү менен кызматташтык кылып жүргүзгөн машыктыр-жабды программасынын алкагында, 15 миң согушкерден турган улуттук армия түзүлүүсү максатталып жаткан эле.
А бирок 6 айдан бери иштеп жаткан проекттин алкагында ушул убакка дейре 54 гана киши машыккан абалда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар