Сирияда PYD террористтери оппозициячылдарга кол салды
Борбордук командирлик абалдардын санааркатуучу экенин айтты
392291
Халеп шаарында Шейх Максуд мааласында PYD террористтери тез жардам жана жарандык унааларга ок атты.
PYD террористтеринин эч бир себеп жок туруп жолдон өткөн унааларга ок атуусу менен оппозициячылдар да түрдүү куралдар менен террористтерге кол салышты. Чыккан кагылышууларда шаардагы кээ бир жолдор транспортко жабылды. Ошол эле учурда АКШ борбордук командирлиги ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде машыктырылып, курал берилген оппозициячыл согушчандардан бир командирдин өздөрүнө жиберилген ок – дарыны Аль Каида менен байланышы болгон Нусра фронтуна бергенин билдирди. Борбордук командирлик абалдардын санааркатуучу экенин айтты.