Орусия - Украина арасында дагы бир санкция

Орусия менен Украинанын ортосундагы саясий араздашууга жаңы санкция кошулду

392230
Орусия - Украина  арасында дагы бир санкция

Украина өкмөтү Орусиянын эң чоң эки аба жолу фирмасы Аэрофлот жана Трансаэро да болуу менен орус жарандык учактарынын өлкөсүнө учуусуна тыюу салганын жарыялады.
Украинанын премьер – министри Арсений Яценюк да орус учактарынын эми Украина аэропортторуна конбой турганын билдирди. Аэрофлот, Трансаэро жана башка 21 аймактык аба жолу фирмаларына да тыюу салынганы билдирилди. Орусиядан Украинага Аэрофлоттун жумасына 35, Трансаэронун 22 каттамы бар.
Бир тараптан Орусия жана Украина кыш мезгили үчүн жаратылыш газ тууралуу алдыңкы келишим түздү. Кол коюлгандан кийин сөз сүйлөгөн Орусиянын энергетика министри Александр Новак Украина үчүн белгилене турган баанын коңшу өлкөлөр менен шайкеш түрдө белгиленгенин, төмөндөтүү көлөмүнүн миң метркубда 20 долларга жакын болорун айтты. Келишим боюнча Орусиядан Европа Биримдиги жана Украинага жаратылыш газ өткөрүлөрүн айткан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Марос Шефчович : «Алдыңкы токтомго караганда Украина октябрь айында Газпромдон 2 миллиард метркуб жаратылыш газ алат жана сактайт. Бул үчүн Украинанын Нафтогаз фирмасына 500 миллион доллар берилет»,- деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар