Финландияда көчмөндөргө кол салуу жасалды

Финландиялык жетекчилер өткөн жумада эң аз 200 ирактыктын баш калкалоо үчүн кайрылууларын кайра алышкандарын белгилешти

354093
Финландияда көчмөндөргө кол салуу жасалды

Лахти шаарында 30 – 40ка жакын митингчи колдорунда Финландия байрактары менен баш калкалоочуларды ташыган автобуска кол салды. Ичинде кичинекей балдар да болгон качкындарды баш калкалоочу борборлорго алып барган автобуска таш ыргыткан митингчилер чет элдиктерге каршы ураандар менен жүрүштү.
Полиция митингге чыккандардын автобуска чыгым берүүсүнө тоскоол болду.
Кувола шаарында да баш калкалоочу борборуна колдо жасалган бомба ыргытылды. Финландия өкмөтү митингдерди айыптады. Баш калкалоочулардын көпчүлүгү Швеция чек арасынан өтүүдө. Финландияга барган баш калкалоочулардын саны бул жылы 13 миңге жетти. Ошол эле учурда Финландияны жактырбастан Швецияга кайткандар да бар. Финландияны жактырбастан Стокгольмга кайтып келген ирактык көчмөндөр Финландиянын суук өлкө экенин айтышты. Финландиялык жетекчилер өткөн жумада эң аз 200 ирактыктын баш калкалоо үчүн кайрылууларын кайра алышкандарын белгилешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар