Йеменде мечитте жарылуу болду

Йемен майрамда да канга буланды

391655
Йеменде мечитте жарылуу болду

Борбор шаар Санада кишилер намаз окуп жаткан учурда мечит бутага алынды. Жан кечтилик кол салуучулар жасаган кол салууга байланыштуу каза болгондордун саны жана кандай ишке ашканы тууралуу баш аламан маалыматтар келүүдө.
Кээ бир булактар 29 кишинин каза болгонун жарыяласа, расмий маалыматта каза болгондордун саны 10...
Биринчи кол салуу мечиттин ичинде, бирөөсү да жамаат тышка качып бараткан учурда болду. Ал түгүл мечиттин ичинен үчүнчү бомба табылды.
Чет элдик агенттиктер 25 кишинин каза болгонун жарыялаган окуяга байланыштуу Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү 29 кишинин каза болгонун билдирди. Расмий маалыматтарга караганда болгон бир жарылууда 10 киши каза болуп, мечитке жасалган кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар