Мусулда 90 АКШ аскери

90 АКШ аскери Эрбилге 70 километр алыстыкта Махмурдагы аскердик лагерге жайгаштырылды

390804
Мусулда 90 АКШ аскери

Иракта Мусулду куткаруу операциясы үчүн 90 АКШ аскери Эрбилде. Террордук уюм ДЕАШка карата операцияга катыша турган 90 АКШ аскери Эрбилге 70 километр алыстыкта Махмурдагы аскердик лагерге жайгаштырылды. Анадолу агенттигинин кабарчысына маалымат берген Ирак парламентинин коргоо комиссиясынын мүчөсү Наиф Шемери : «АКШ аскерлеринин Мусулга жакын бир жерде жайгашканы тууралуу маалымат алдык. Бирок Мусул операциясына катышып же катышпай турганы Ирак өкмөтү жана Мусул облустук парламентинин чечимине байланыштуу»,- деди. Семери андан мурда коалиция күчтөрү жана АКШга караштуу кичинекей аскердик бөлүктөрдүн учактар менен Мусулдун Рабиа аймагына түшүрүлгөнүн эске салды.
АКШнын тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Бретт Макгуркдун жетекчилигиндеги аскердик делегация жуманын ичинде Эрбилде Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун төрагасы Месуд Барзани жана премьер – министр Нечирван Барзани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ирактын экинчи чоң шаары Мусул 2014 - жылы 10 - июнда ДЕАШтын колуна өткөн болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар