Европа чек аралары

Европада Шенген келишими барган сайын жоюлуп баратат.

350443
Европа чек аралары


Венгрия өкмөтү Сербия чек арасынан кийин Румыния чек арасынын бир бөлүгүнө да дубал тургузууну пландоодо.
Айрыкча Венгрия түн ортосунан бери Сербия чек арасында убактылуу текшерүү режимин баштады.
Сербия тарабында көчмөндөрдүн күтүүлөрү болсо уланып жатат.
Сербиянын ички иштер министри, болгон окуялар боюнча чек арага барып эң кыска мөөнөттө венгриялык жооптуу кызматкерлер менен маселенин чечилүүсү үчүн сүйлөшө турганын айтты.
Баш калкалоочулар маселесинин айынан Венгрия чек арасында соода унааларынын өтүүлөрү да токтоду.
Сербия тарапта жүздөгөн жүк ташуучу унаа узун кезекти түздү.
Бир тарапта Чех Республикасы да баш калкалоочуларга каршы чек арасына аскерлерин жайгаштырышы мүмкүн экенин билдирди.
Австриялык жооптуу кызматкерлер да бүгүндөн тарта Венгрия, Италия, Словакия жана Словения чек араларында убактылуу текшерүү режимин баштай тургандарын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар