АКШ менен Орусиянын Сирия тууралуу каяшасы
АКШ Орусияны Сирияда абадан чабуул базасын курганы жатканы менен күнөөлөсө, Орусия АКШны ДЕАШты атпаганы менен күнөөлөдү.
Америка Кошмо Штаттары жана Орусиянын ортосунда Сирия боюнча чыңалуу күчөдү.
Вашингтон бийлиги, Москванын Сирияда абадан чабуул базасын курууну пландаганын сөз кылды.
Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Пентагондун катчысы, Латакия шаарында орун алган аэропорттун алкагында Орусиянын аскердик шаймандарды жибере турганын айтты. Пентагондун катчысы Москванын аймакта абадан чабуул базасын куруу ниетинде болгонун ойлогонун билдирди.
Пентагондун катчысы Жефф Дэвис Американын аймактагы орус аскердик кыймылдуулугун тынымсыз байкап жатканын белгиледи.
Дэвис Орусиянын Асад режимин колдоого алышын улантуусу, аймакта болуп жаткан ыраатсыздыктын дагы да күчөшү коркунучун камтыганын кошумчалады.
Бул учурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусиянын 1-Каналындагы жарыясында АКШнын ДЕАШты атпай жатканын алдыга койду.
Лавров коалиция күчтөрүнүн ДЕАШ согушчандарынын жашырынган жерлерин билгендерине карабастан, АКШнын аларды бомбалоого уруксат бербегенин айтты.