Орусияда жергиликтүү шайлоолор бурмалоолор менен өттү

Көз карандысыз шайлоону байкоо тобу шайлоолордо 1400 бурмалоо билдирүүсүн алгандарын жарыялады.

349283
Орусияда жергиликтүү шайлоолор бурмалоолор менен өттү

Орусияда жергиликтүү шайлоолор бурмалоо айтымдары жана көз карандысыз байкоочуларга кысым көрсөтүү кабарларынын көлөкөсүндө өттү.
Либералдык оппозиция коалициясынын бир аймактын тышында талапкер көрсөтүшүнө уруксат берилбеген шайлоодон мамлекет башчы Владимир Путинди колдогон Бириктүү Орусия партиясынын жеңиш менен чыгышы күтүлүүдө.
83 аймакта өткөрүлгөн шайлоолордо губернатор же жергиликтүү кеңештер белгиленет.
Либералдык оппозиция коалициясынын талапкер көрсөтүшүнө уруксат берилген жалгыз жер болгон Кострома шаарындагы жыйынтыктар кызыгылып күтүлүүдө.
Көз карандысыз шайлоону байкоо тобу шайлоолордо 1400 бурмалоо билдирүүсүн алгандарын жарыялады.
Башка бир шайлоону байкоочу топтун Костромадагы кеңсесине полициялар кирип барып тинтишкен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар