Венгриянын премьер-министри баш калкалоочу маселесин талкуулады

Виктор Орбан: "Биз европалыктар президент Эрдоган үчүн жума сайын сыйынуу өткөрүшүбүз керек"-деди.

348882
Венгриянын премьер-министри баш калкалоочу маселесин талкуулады

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түркиянын Сириядан качкан баш калкалоочулар темасында көптөн бери көп нерселерди аткарганын айтты.
Орбан Германиянын «Бильд» гезитине берген маегинде ЕБ мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйналышында Сириянын коңшу өлкөлөрүнө финансылык жардам жасалышын да камтыган сунушарды алып бара турганын белгиледи.
Орбан: «Түркия көп убакыттан бери баш калкалоочу трагедиясы темасында укмуш нерселерди бөлүштү. Ар башка саясий ой-пикирлерден көз карандысыз түрдө биз европалыктардын жума сайын президент Эрдоган үчүн сыйынуу өткөрүшүбүз керек. Түркия сыяктуу өлкөлөрдү жалгыз калтырбообуз жана аянбашыбыз керек»-деп айтты.
Орбан Пакистан, Бангладеш, Мали, Эфиопия жана Нигериядан миллиондогон адамдын Европага келе турганын айтты.
Бир тараптан Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жуманын акырында Германияга 40 миң баш калкалоочунун келээрин божомолдогонун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар