АКШ Орусиянын Сирия режимине колдоосуна тынчсызданууда

Орусиянын Сирия режимине колдоосу коркунучтуу кадам...

376783
АКШ Орусиянын Сирия режимине колдоосуна тынчсызданууда


Москва башкаруучулугунун Сирия режимине колдоо көрсөтүү үчүн бул өлкөгө учак жөнөтүү чечимин чыгарганына байланыштуу маалыматтар Вашингтон башкаруучулугун тынчсыздандырды.
Вашингтондун айтымына караганда Орусиянын Сирия режимине колдоосу коркунучтуу кадам...
Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест, Орусиянын ушул багытта таштаган кадамдары Сириядагы кагылышууларды күчө тургандыгына байланыштуу санааркоолорун билдирди.
Бул абалдын андан да көп сириялыктын каза болушуна себепчи болооруна көңүлдөрдү бурган Эрнест, баш калкалоочу агымынын дагы да көбөйүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.
Эрнест ДЕАШ менен күрөшүп жаткан коалиция менен араздашуу коркунучуна да токтолду.
АКШнын мамлекеттик катчылыгынын басма сөз катчысы Жон Кирби да: «Орусиянын Сириядагы кагылышуулар темасында жасай ала турчу эң таасирдүү нерсе, Асадга жардамдарын жана аны күүлөнтүүнү токтотуусу»,- деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар