АКШнын талабы

Грециянын Тышкы иштер министрлиги талапты карап жаткандарын билдирди.

376124
АКШнын талабы

Америка Кошмо Штаттары НАТОго мүчө Грециядан аба мейкиндигин Сирияга жардам ташыган орус учактарына колдондурбашын талап кылды.
Грециянын Тышкы иштер министрлиги талапты карап жаткандарын билдирди.
Орусиянын президенти Путин жума күнү орус бөлүктөрүнүн ДЕАШка каршы күрөшүүгө салым кошуусу үчүн Сирияга жайгаштырылышы темасында маалымат берген болчу.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да жуманын аягында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен байланышып Орусиянын Сирияда арткан аскердик бөлүгүнө тынчсыздангандарын билдирген эле.
Сириядагы жарандык согуш башталгандан бери Асад режиминин колдоочусу болгон Орусия, ДЕАШка каршы күрөшүүдө Асад режимин да камтыган коалиция түзүлүүсүн каалап жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар