Шилиде бир уламыш чынга айланды

Ит эмизген бала коргоого алынды

374995
Шилиде бир уламыш чынга айланды

Реина аттуу ургаачы ит ташталган 2 жаштагы баланы эмизип куткарып калды. Арика шаарынын жакырлар жашаган райондорунун биринде кароосуз ташталган 2 жаштагы бир бала анын сүтүн эмип жашап калды.
Окуя ээсинин иттин артынан түшүүсү менен ортого чыкты. Көргөн көзүнө ишенбеген аял абал тууралуу жетекчилерге билдирди. Окуя болгон жерге келген кызматкерлер да жылаңач баланын итти эмип жаткан жерден таап алышты. Ит эмизген бала коргоого алынды. Жашап калуу үчүн иттин сүтүн эмген баланын трагедиясы өлкөдө абдан чоң жаңырык жаратты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар