НАТОнун жаңы борборлору

Столтенберг Чыгыш Европада ачылган жаңы борборлордун НАТОнун тилектештик символу экенин айтты.

374240
НАТОнун жаңы борборлору


НАТОнун Литва, Латвия, Эстония, Польша, Румыния жана Болгариядагы башкаруу борборлору расмий ишке киришти.
Литвадагы НАТОнун башкаруу борборунун ачылыш аземине катышкан башкы катчы Йенс Столтенберг Чыгыш Европада ачылган жаңы борборлордун НАТОнун тилектештик символу экенин айтты.
Столтенберг: «Күчүбүздү жыйнап жана аскердик тармакты өнүктүрүү үчүн чоң кадам таштадык»,-деп айтты.
Ушул учурда шериктеш өлкөлөргө карата бир коркунуч катары эсептебегендерин бирок Балтика аймагында белгисиздик болуп жатканын баяндады.
Столтенберг: «Бизге күчүн көрсөткүсү келгендерге абдан так билдирүүлөрдү айтып жатабыз»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар