Жер шарынын ысуусуна көңүл буруу

Обама Кенай тоолорундагы Exit мөңгүсүнүн үстүндө басты.

374070
Жер шарынын ысуусуна көңүл буруу

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обаманын Аляска туру уланууда.
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама климат өзгөрүүсүнө көңүл буруш үчүн Аляскага барып ылдам ээрип бараткан Exit мөңгүсүнүн үстүндө басты.
Обама яхта туруна чыгып, деңиз деңгээлиндеги жогорулоонун жээктерде пайда кылган эрозиясын иликтеди.
Декабрь айында Парижде боло турган БУУнун Климат өзгөрүүсү боюнча уюштурулган конференциясынын алдындагы  саякат, дүйнөлүк лидерлерге эскертүү мүнөзүндө эле.
Обама саякатынын алкагында Кенай тоолорундагы Exit мөңгүсүнүн үстүндө басты. Ылдам ээрип бараткан мөңгү жыл сайын 13 метр төмөндөп баратат. Климат өзгөрүүсүнө байланыштуу 1950-жылдан бери мөңгүнүн 10 пайыздык катмары жок болду.
Обама айрыкча Кенай жарым аралында деңиздин жогорулоосу менен жээкте пайда болгон оюлууларды көрүш үчүн яхта туруна чыкты.
Парижде боло турган саммитте 2020-жылы күчүнө кире турган Климат келишими боюнча мунасага келүү максатталууда.Бул келишим менен парник газынын эмсиссиясы азайтылып, глобалдык ысуунун 2 градус менен чектелүүсүна аракет кылынууда. Ал эми бир изилдөөгө караганда парник газынын эмиссиясы ушул убакта глобалдык ысууну 2 градуска түшүрүү үчүн ылайык болуучу деңгээлден кыйла эле жогору. Жетиштүү аракет кылынбагандыгы үчүн жер шарынын 2100-жылы 2,9 градустан 3,1 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар