Европада көчмөндөр

Станцияда кээ кээде абал курчуп, митингдер өткөрүлүүдө.

374013
Европада көчмөндөр

Венгрия мыйзамсыз көчмөндөр менен толгон бир поезди Германияга жиберүүсүнөн кийин кайрадан тыюу салды. Борбор шаар Будапештте поезд станциясында күтүп жаткан миңдеген көчмөнгө Германияга бара турган поездге отуруу уруксаты берилбей жатат.
Мурунку күнү көчмөндөргө толгон бир поезддин Мюнхенге баруусуна уруксаттын берилүүсүнөн киийн 2 миңден ашуун көчмөн станцияга келди. Бирок Венгрия өкмөтү бул жолу поездге отуруусуна уруксат бербеди.
Колдорунда 200 евро төлөгөн поезд билеттери болсо да поездге отура албаган көчмөндөр бат – бат полиция менен кездешүүдө. «Германияга баруубузга уруксат бер», «Бизди адам сатуучуларына дуушар кылба» деп жазылган плакаттарды ташыган көчмөндөр БУУнун кийлигишүүсүн суранды. Венгер полициясы станциядагы коопсуздук күчтөрүн бекемдеп жатат. Түнү менен улантылган митингдерден кийин көчмөндөр станциядан алыстоону четке кагышты.
Германиянын Бавария аймагына өткөн шейшемби күнү 3 миң 500, Венага да жуманын башында 3 миң 650 көчмөн барды. Мюнхен полициясы Германияга барган мыйзамсыз көчмөн санынын саатына 100дөн ашканын, мунун өткөн жумада ортоломосунун 2 эсеси болгонун жарыялады.
Европага массалык көч Жер Ортолук деңиз аркылуу болгон ылдамдыгы менен улантылууда.
Жер Ортолук деңизинде күзөттө кыдырган Норвегия деңиз флотуна караштуу бир согуштук кеме деңизден чогулкан 800гө жакын мыйзамсыз көчмөндү Италиянын Сардуния аралына алып барды. Куткарылгандардын арасында кош бойлуу аялдар менен балдар да бар.
Испаниянын Канария аралынын жакындарында да 40 мыйзамсыз көчмөн куткарылды. Жээкке чыга албагандардын сөөктөрү болсо Ливия жээктерине чыгып жатат. Ливия Кызылайы Зувара жакындарында кургактыкка чыккан үчөөсү бала болгон он жети сөөк дагы тапты. Зуварада өткөн жумадан бери табылган сөөк саны 160ка жетти. Ливия жакындарында өткөн жумада 2 кеменин чөгүүсү менен 500 киши чөккөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар