Европа көчмөндөр менен күрөшүүдө

Европа Ата Мекендик согушунан бери эң олуттуу көчмөн кризиси менен күрөшүүгө аракет кылууда

373316
Европа көчмөндөр менен күрөшүүдө

Европа Ата Мекендик согушунан бери эң олуттуу көчмөн кризиси менен күрөшүүгө аракет кылууда. Венгрия чек арасынан бир канча саат күттүрүлгөн жүздөгөн көчмөн поезд менен Австрия жана Германияга барды.

Австриянын полиция катчысы 3 миң 650 көчмөндүн Венага барганын жарыялады. Бул көчмөндөрдүн бир бөлүгү Германияга кеткен поездге отурушту. Ошол эле учурда жүздөгөн көчмөн күткөн борбор шаар Будапешттеги негизги поезд станциясын жапкан Венгрия станцияны бир сааттан кийин кайрадан ачты. Бирок көчмөндөрдүн станцияга кирүүсүнө уруксаттын берилбегени айтылууда.
Бул жылы Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы согуш жана жакырдыктан качкан 300 миңден ашуун көчмөн Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага барышты.
Германия көчмөндөр максат кылган өлкөлөрдүн бирөөсү.
Баш калкалоо талап кылгандардын санынын 800 миңге жетүүсү күтүлүүдө. Көчмөн кризиси Европа өлкөлөрүнүн арасында абалды күчөтүп, 14 - сентябрда кризисти колго алуу үчүн чукул жыйынга чакырылды.
Кризис улантылып, Австриянын борбор шаары Венада 20 миң киши көчмөндөргө колдоо митинги өткөрүлдү.
Поезд станциясына келген баш калкалоочуларды тосуп алган митингчилер көчмөндөргө тамак – аш жана суу беришти.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар