Барак Обаманын Аляскага сапары уланып жатат

Обама сапарынын алкагында Кенай тоосундагы Exit мөңгүсүнө барды.

342063
Барак Обаманын Аляскага сапары уланып жатат

АКШнын президенти Барак Обаманын Аляскага сапары уланып жатат.
Декабрь айында Парижде өтө турган БУУнун Климаттык өзгөрүү конференциясынын алдында уюштурулган бул сапар, дүйнөлүк лидерлерге кайрылуу мүнөзүндө болууда.
Обама сапарынын алкагында Кенай тоосундагы Exit мөңгүсүнө барды.
Ылдам эрип бараткан бул мөңгү жыл сайын 13 метр артка тартылууда.
Климаттык өзгөрүүгө байланыштуу 1950-жылдан бери мөңгүнүн 10 пайыздык бөлүгү жок болду.
Обама айрыкча Кенай жарым аралындагы деңиздердин жогорулашы менен жээкте пайда болгон кыймылдуулукту көрүү үчүн кеме саякатына чыкты.
Анкориж шаарындагы бир кафеге да барган Обама бул жерде урмат-сый менен тосулуп алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар