Европада поезд каттамдарын текшерүү күчөтүлөт
Парижде чогулган европалык министрлер текшерүүлөрдүн күчөтүлүшү темасында макулдашышты.
Европа Биримдигинде поезд чатагынан кийин коопсуздук күчтөлүп жатат.
Европа Биримдиги 21-августта Париж-Амстердам поездинде болгон окуядан кийин поезд каттамдарында коопсуздукту чыңдоо үчүн аракеттке өттү.
Парижде чогулган европалык министрлер текшерүүлөрдүн күчөтүлүшү темасында макулдашышты.
Ушул алкакта алыс аралыкка жана өлкөлөр арасында каттаган поезддерде билеттерге жүргүнчүлөрдүн аттары жазылмакчы.
Чек араларда текшерүүлөр күчөтүлүп, чоң поезд станцияларында жүргүнчү жана багаж текшерүүлөрү тыгыздаштырылат.
Европа комиссиясына чакырык таштаган министрлер, куралдарга уруксат берүү процедураларынын татаалдаштырылышы темасында жылдын акырына чейин комиссиядан мыйзам иштеп чыгуусун талап кылышты.
Өлкөлөрдүн арасындагы чалгындоо бөлүшүүсү да арттырылат.
Европалык коопсуздук адистери көрүлгөн коопсуздук чараларына баа берүү үчүн 11-сентябрда жыйналыш өткөрөт.
Европа Биримдигинин транспорт министрлери да келээрки айда Люксембургда жолугуп чара көрүүлөр темасында мыйзамдык түзөтүүлөрдү сүйлөшүшөт.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.