Түндүк Корея сел апааты менен күрөшүүдө

Апаат миллиондогон долларлык материалдык чыгымга жол ачты

370970
Түндүк Корея сел апааты менен күрөшүүдө

Түндүк Кореяда ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан селде 40 киши каза болду, миңдеген киши үйсүз калды. Жуманын акырынан бери катуу жааган жамгырдын айынан үйлөр, жолдор, унаалар суу астында калды. Апаат миллиондогон долларлык материалдык чыгымга жол ачты. Өлкөнүн Түштүк Хванхэ аймагында эки жума мурда болгон сел апаатында да 10 киши каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар