Орусиядан жаңы чектөө

Орусия чет өлкөлүк товарларга чектөө койду

370342
Орусиядан жаңы чектөө


Мындан мурда да айрым азыктарга тыюу салган Москва, тизмеге айна-самын жана тазалык буюмдарын да кошту.
Орусия Европа Биримдиги өлкөлөрү да арасында болгон көп сандаган өлкөдөн импорттогон айрым тазалык буюмдарына чектөө койду.
Москва, дүйнөгө таанымал фирмалар да арасында болгон кээ бир батыштык компанияларды кара тизмеге киргизди.
Орусиянын кардарларды коргоо агенттиги, Европа Биримдиги өлкөлөрү менен катар көптөгөн өлкөдөн импорттогон айрым айна-самын маркалары жана тазалык буюмдарынын ден-соолукка зыяндуу заттарды камтыганын билдирди.
Агенттиктин билдирүүсүндө, кээ бир белгилүү маркалардын да ден-соолукка зыяндуу уулуу заттарды камтыганы белгиленди.
Ал эми дүкөн ээлери жана кожойкелер бул чечимге каршы чыгышты.
Чоң чыгымга учурата турганын айткан көп сандаган импортчу фирма болсо агенттиктин чечими илимий себептерге эмес саясий себептерге негизделгенин сөз кылды.
Москва мындан мурда да Европа Биримдиги жана айрым батыштык өлкөлөрдөн импорттогон даяр азыктарга да чектөө койгон эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар